КАРАСАНАТАЙ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Бирөөгө ак санабаган, жакшылык каалабаган, бирөөнүн ишин тескери кылганды, бүлдүргөндү жакшы көргөн кыянатчыл. Көпүрөнү кандайдыр бир карасанатайлар гана кулатып жибергендиги билинип турат (Жантөшев). Хандар ошончолук карасанатай болушчу турбайбы (Убукеев).